Сынак учурунда бардык студенттер суроолорго жооп берип чыгып кетишти. Акыркы калган студент анчалык жакшы окубайт болчу. Мугалими аны билип: - Сага сабак боюнча суроо берсем баарыбир таба албайсын. Кел, сага башка суроо берем. Ушул класста канча лампочка бар? - деп суроо берди. Студент ойлонуп отурганда шыпка карап лампочкаларды санап койгон экен. Дароо жооп берди: - 8 лампочка бар, агай. - Туура эмес, 9 лампочка бар, бирөө менин чонтөгүмдө болчу, - деп агайы өзүнүн чөнтөгүнөн бир лампочка чыгарып көрсөттү жана студент ошол сабактан калып калды. Бир жылдан кийин дагы ушул сабактан, ушул класста сынак болуп жатат. Мугалими баягы студентти таанып: - Сага дагы эле ошол суроо: класста канча лампочка бар? - деди. Студент болсо: - 9 лампоча бар, - деп жооп берсе, агайы: - Дагы туура эмес, бүгүн менин чөнтөгүмдө лампочка жок, - деп чөнтөгүн көрсөттү. Анда студент: - А меникинде бар лампочка, -
... Уландысы »
Студент ашканада мугалиминин жанына келип отурду. Мугалими аны тоготкусу келбей: - Чочко менен илекилек бир жерде тамактанбайт, - деди. Анда студент ордунан туруп: - Макул, анда мен учуп кетейин, - деп жооп берди...
Аялы күйөөсүнө: - Сен менин туугандарымды жакшы көрбөйсүң, - деп жатат. - Жок, мен сенин туугандарыңды аябай жакшы көрөм, сыйлайм. Мына, мисалы, сенин кайненеңди өзүмдүн кайненемден миң эсе көбүрөөк жакшы көрөм...
Доктордон сурашат: - Кайсы оору эң жакшы? - Менимче склероз. - Эмнеге антип ойлойсуз? - Неге дегенде... Эч жериңиз оорубайт. Кала берсе күндө жаңылык угуп турасыз...
Бир кишинин үйүнө конок келип, көп убакытка чейин калып кетиптир... Бир күнү үй ээси андан: - Балдарыңызды сагынбадыңызбы? - деп сураптыр. Ал болсо: - Аябай сагындым. Бирок кечээ телеграмма жибердим, эртең келип калышса керек, - дейт имиш.
____
Убакыттан пайдаланып, баарыңарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 18 жылдыгы менен куттуктайм!!!
Бир программист пианинонун жанына келип калыптыр... Пианино тууралуу анын ойлору төмөнкүдөй:
- Бул аппараттын клавиатурасында 84 гана кнопка болгонуна карабай клавиатураны колдонуу кыйын... Кнопкалардын жарымынан көбү функционал клавишалар
... Уландысы »
Үй ээси караса кызматчы кыз нерселерин жыйнаштырып кетип жатат имиш... - Чоң кыз, эмне болду, мен сени билбей капа кылып койдумбу, эмнеге кетип жатасын? - Сиз мага ишенбейт экенсиз... - Неге антип ойлойсун? Мен сага ишенбесем өзүмдүн алтын шакектерим турган сандыктын ачкычын сага бермек белем? Ойлоп көрдүңбү? - Ойлоп көрдүм... Бирок сиз берген ачкыч ал сандыкка туура келбейт экен го......