Үй ээси караса кызматчы кыз нерселерин жыйнаштырып кетип жатат имиш... - Чоң кыз, эмне болду, мен сени билбей капа кылып койдумбу, эмнеге кетип жатасын? - Сиз мага ишенбейт экенсиз... - Неге антип ойлойсун? Мен сага ишенбесем өзүмдүн алтын шакектерим турган сандыктын ачкычын сага бермек белем? Ойлоп көрдүңбү? - Ойлоп көрдүм... Бирок сиз берген ачкыч ал сандыкка туура келбейт экен го......
Ата программист баласы менен машинеде кетип баратса машине бузулуп калыптыр... Атасы баласына: - Эмне кылыш керек, - деп сурап көрүптүр. Анда программист: - Машинеден чыгып кайра кирип көрүш керек...
Бернард Шоудан сурашыптыр: - Сиз кантип эле дайыма акылдуу сөздөрдү таап сүйлөп коёсуз? - Ал оңой, - деп жооп бериптир Шоу. - Акмакча бир нерсени ойлоп көрөм да, тескерисин сүйлөй берем...