Аялы күйөөсүнө: - Сен менин туугандарымды жакшы көрбөйсүң, - деп жатат. - Жок, мен сенин туугандарыңды аябай жакшы көрөм, сыйлайм. Мына, мисалы, сенин кайненеңди өзүмдүн кайненемден миң эсе көбүрөөк жакшы көрөм...
Доктордон сурашат: - Кайсы оору эң жакшы? - Менимче склероз. - Эмнеге антип ойлойсуз? - Неге дегенде... Эч жериңиз оорубайт. Кала берсе күндө жаңылык угуп турасыз...