Ишемби, 09.05.2026, 00:18
Сизди каршы алабыз, Конок | RSS
Башкы бет » 2008 » Сентябрь » 25

Марк Твенге бир тааныш келин арызданыптыр:

- Түшүнсөм өлөйүн! Күйөөм кээде - эркектей, кээде катындай.

- Бул тукум куучулук, - дейт Марк Твен. - Күйөөңдүн эзелтен келаткан тукумдарынын теңи эркек, теңи катын экенин унутпай жүр.
Кароолор: 1473 | Дата: 25.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0)

Англиялык бир департаменттин директору каза болгондо анын кызмат ордун ээлөөнү каалаган бирөө Уинстон Черчиллге кайрылыптыр:

- Өлгөн адамдын ордуна мени коюуңузду суранам.

- Каршы эмесмин, - деп жооп бериптир Черчилль. - бирок, сиз ал үчүн бейиткананын директоруна кайрылыңыз.

Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1243 | Дата: 25.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0)

Бернард Шоуга бир бейтааныш жигит кайрылыптыр:

- Атактуу юморист жазуучун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы?

- Чын, - дейт Шоу.

- Анда сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз?

- Аны айтыш кыйын... тукум куубаган учурлар деле болот тура... Мына сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек.

... Уландысы »

Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1954 | Дата: 25.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (1)

Апенди бирөөнүн короосунан шагы ийилген алмаларды көрөт да бийик дубалынан артылып араң түшөт. Мөмөлөрдү койнуна салып жатканда  үй ээси көрүп калып, кубалайт. Апенди безип качып келатып дубалга жакындаганда тигиге кыйкырат имиш:

- Буттап жибер, бай болгур! Буттап жибер!
Категория: Апенди | Кароолор: 1273 | Дата: 25.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0)

Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап дарга асмак болот. Аянтта эл додо. Салаңдап турга сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси: "акыркы өтүнүчүңдү айтып кал ", - деп кайрылат.

- Бир гана суранычым бар, - дейт Апенди. - Мени ассаңар да белимден ассаңар, анткени мойнумда кытыгым бар эле...

Категория: Апенди | Кароолор: 1624 | Дата: 25.09.2008 | Рейтинг: 4.5/2 | Жазуулар (0)

Бөлүмдөр
Апенди [8]
Улуу адамдардын турмушунан [12]
Башка анекдоттор [28]
Форма Кирүүа
Жылнаама
«  Сентябрь 2008  »
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жш
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930
Издөө
Друзья сайта
Статистика

Баары болуп сайтта: 1
Коноктор: 1
Катталган колдонуучулар 0
Маектешүү
500