Бир жолу Апенди там үстүнөн кулап кетет. Көчөдөн өтүп бараткан бирөө:
- Ой, Апенди, жерде эмне жатасың? - дейт эңкейип.
- Эмне үчүн жерде жатканымды билгиң келсе, өзүң тамдан кулап көрбөйсүңбы? - дептир ... Уландысы »
Апенди шашкалактап жүрүп кетмендин мизин басып алат. Сабы чабылып келип Апендинин чекесине бир тийет. Жаны ачынган Апенди кетменге кыйкырыптыр дейт:
- Ушундайыңан көчүгүңө жыгач тыгып койгон турбайбы!
Эмир Темир Апендиден сураптыр:
- Сенин жылың кайсы?
- туулганымда жылан эле, азыр ажыдаар болуп калса керек... - дептир Апенди.
Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөнгүдөй телеграмма жөнөтөт:
"Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!"
Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр:
"Ашкере мактап койдуңуз".
Бернард Шоу кайрадан телег ... Уландысы »
Француз комедиографы Ашардан достору сурашат:
- Аялды кантип катуу жазаласа болот?
- Шляпасы көп, бирок күзгүсү жок бөлмөгө камап коюп... - деп жооп бериптир атактуу куудул.
Тристан Бернард бир жолу ресторанда отурса оркестр мааниси жок бирдемелерди ойной баштайт. Жини келген Бернард официантты чакырып:
- Бул оркестриңер менин заказымды аткара алабы?
- Албетте, эмнени ойносо дейсиз?
- Мен тамак ичип бүткөнчө карта эле ойношсунчу, анда.
Анатоль Франс ойлорун кагазга тез түшүрүү үчүн стенографист аял чакырат.
- Ылдам иштей алат чыгарсыз, - деп сурайт жазуучу андан.
- Албетте, мүнөтүнө 120 сөз жаза алам.
- 120 сөз? Катыгүн, анча сөздү мен кайдан табам? - деп муңкайыптыр Франс.