Түн ичинде Апендинин үйүнө ууру кириптир. Алар колуна тийген көр-жерди алып качып баратышса, Апенди да жууркан-төшөгүн көтөрүп, артынан жөнөп калбайбы.
Апенди базарлап жүрүп, эшегин жоготуп жиберет. Анан элге жар салат: Кимде-ким эшегимди таап берсе - жоголгон эшекти ээр-токуму, ңокто-жүгөнү менен ошо кишиге берем.
- Кызык экенсин, тапкан кишиге эшегиңди берсең - аны издеп эмне кыласың? - дейт бирөө.
- Өзүң кызык экенсиң! - дептир Апенди. - Жоголгону - белекке кетсе, табылганы өзүмө калат да.
Апенди бирөөнүн короосунан шагы ийилген алмаларды көрөт да бийик дубалынан артылып араң түшөт. Мөмөлөрдү койнуна салып жаткандаүй ээси көрүп калып, кубалайт. Апенди безип качып келатып дубалга жакындаганда тигиге кыйкырат имиш:
Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап дарга асмак болот. Аянтта эл додо. Салаңдап турга сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси: "акыркы өтүнүчүңдү айтып кал ", - деп кайрылат.
- Бир гана суранычым бар, - дейт Апенди. - Мени ассаңар да белимден ассаңар, анткени мойнумда кытыгым бар эле...