- Уктуңбу, Таалай больницада жатат экен... - Койчу, эй, мен аны кечээ эле көрдүм го... Бир сулуу кыз менен басып жүрдү эле... - Ошол сулуу кыз менен басып жүргөнүн аялы да көрүптүр да...
Мектеп директору такси менен үйүнө барды. Таксистке 60 сом берип жатат. Таксист: - Кечээ, кызыңызды алып келдим эле, ал мага 120 сом берген болчу. Сиз эмнеге 60 эле сом берип жатасыз? - деди, нааразы абалда. - Ал кыздын атасы директор, билесин. Менин атам болсо дыйкан... Мен албетте ал төлөгөн акчаны төлөй албайм да, - деди директор...
Бир адам итин сейилдетип жүргөнүн көргөн досу сурады: - Бул эшекти неге сейилдетип жүрөсүн? - Бул эшек эмес, - деди иттин ээси. - Мен да иттен сурап жатам...
Алып келип коюшту. Аялы: - Мен сага мындан кийин үйгө ичип келбе, деген эмес белем? Күйөөсү: - Мен ичип келген жокмунннн... - Анда бул эмне абал? - Мен келген жокмун, досторум алып келип коюшту...
Лектор: - Ичкилик үй-бүлөдөгү мамилелерди бузат. Көпчүлүк учурларда ичкен адамдардын аялдарынын кетип калган учурлары болгон... Залдан бирөө кол көтөрүп суроо сурады: - Канча ичүү керек, өзү?