Бернард Шоудан сурашыптыр: - Сиз кантип эле дайыма акылдуу сөздөрдү таап сүйлөп коёсуз? - Ал оңой, - деп жооп бериптир Шоу. - Акмакча бир нерсени ойлоп көрөм да, тескерисин сүйлөй берем...
Конан Дойль спиритизм (дубакейлик) менен көп машыкчу экен. Бир жолу ал Бернард Шоуга колу бутун тийгизбей эле тамак ичкен столун нарыга жылдыраарын айтат.
- Таңгаларлык эчтеме жок. - дептир Шоу ага. - Акылдуу адам столдон өзү биринчи туруп кетиши керек.