Ишемби, 18.05.2024, 23:06
Сизди каршы алабыз, Конок | RSS
Башкы бет » Архив
Атасы:
- Балам... Үйлөнгөндөн кийин чыныгы бакыттын эмне экенин түшүнөсүн...
- Кандай?
- Бирок ал маалда аябай кеч болот...

Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 1038 | Дата: 18.01.2011 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0)

Сынак учурунда.
Мугалим: Фамилияңыз?
Студент(күлүп): Арстанбек уулу.
Мугалим: Эмнеге күлүп жатасыз?
Студент: Биринчи суроого туура жооп бердим да...
Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 1284 | Дата: 14.09.2009 | Рейтинг: 3.5/2 | Жазуулар (0)

Сынак учурунда бардык студенттер суроолорго жооп берип чыгып кетишти. Акыркы калган студент анчалык жакшы окубайт болчу. Мугалими аны билип:
- Сага сабак боюнча суроо берсем баарыбир таба албайсын. Кел, сага башка суроо берем. Ушул класста канча лампочка бар? - деп суроо берди. Студент ойлонуп отурганда шыпка карап лампочкаларды санап койгон экен. Дароо жооп берди:
- 8 лампочка бар, агай.
- Туура эмес, 9 лампочка бар, бирөө менин чонтөгүмдө болчу, - деп агайы өзүнүн чөнтөгүнөн бир лампочка чыгарып көрсөттү жана студент ошол сабактан калып калды.
Бир жылдан кийин дагы ушул сабактан, ушул класста сынак болуп жатат. Мугалими баягы студентти таанып:
- Сага дагы эле ошол суроо: класста канча лампочка бар? - деди. Студент болсо:
- 9 лампоча бар, - деп жооп берсе, агайы:
- Дагы туура эмес, бүгүн менин чөнтөгүмдө лампочка жок, - деп чөнтөгүн көрсөттү. Анда студент:
- А меникинде бар лампочка, - ... Уландысы »
Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 4274 | Дата: 14.09.2009 | Рейтинг: 4.6/7 | Жазуулар (5)

Студент ашканада мугалиминин жанына келип отурду. Мугалими аны тоготкусу келбей:
- Чочко менен илекилек бир жерде тамактанбайт, - деди. Анда студент ордунан туруп:
- Макул, анда мен учуп кетейин, - деп жооп берди...
Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 1177 | Дата: 14.09.2009 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0)

Аялы күйөөсүнө:
- Сен менин туугандарымды жакшы көрбөйсүң, - деп жатат.
- Жок, мен сенин туугандарыңды аябай жакшы көрөм, сыйлайм. Мына, мисалы, сенин кайненеңди өзүмдүн кайненемден миң эсе көбүрөөк жакшы көрөм...
Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 1277 | Дата: 11.09.2009 | Рейтинг: 5.0/1 | Жазуулар (0)

Доктордон сурашат:
- Кайсы оору эң жакшы?
- Менимче склероз.
- Эмнеге антип ойлойсуз?
- Неге дегенде... Эч жериңиз оорубайт. Кала берсе күндө жаңылык угуп турасыз...
Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 1245 | Дата: 11.09.2009 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0)

Бир кишинин үйүнө конок келип, көп убакытка чейин калып кетиптир... Бир күнү үй ээси андан:
- Балдарыңызды сагынбадыңызбы? - деп сураптыр. Ал болсо:
- Аябай сагындым. Бирок кечээ телеграмма жибердим, эртең келип калышса керек, - дейт имиш.
 
____
Убакыттан пайдаланып, баарыңарды Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 18 жылдыгы менен куттуктайм!!!
Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 1335 | Дата: 31.08.2009 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0)

Бир программист пианинонун жанына келип калыптыр... Пианино тууралуу анын ойлору төмөнкүдөй:

- Бул аппараттын клавиатурасында 84 гана кнопка болгонуна карабай клавиатураны колдонуу кыйын... Кнопкалардын жарымынан көбү функционал клавишалар ... Уландысы »

Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 2486 | Дата: 11.03.2009 | Рейтинг: 3.5/2 | Жазуулар (0)

- Банкоматты бузуп акча алуу үчүн хаккер кайсы иштерди аткарат?
- Колуна балта менен ноутбукту алып банкоматка келет, банкоматты балта менен бузуп акчаларды алат...
- Балта менен урса... Ноутбуктун эмне кереги бар? ... Уландысы »
Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 4095 | Дата: 11.03.2009 | Рейтинг: 3.0/2 | Жазуулар (0)

Үй ээси караса кызматчы кыз нерселерин жыйнаштырып кетип жатат имиш...
- Чоң кыз, эмне болду, мен сени билбей капа кылып койдумбу, эмнеге кетип жатасын?
- Сиз мага ишенбейт экенсиз...
- Неге антип ойлойсун? Мен сага ишенбесем өзүмдүн алтын шакектерим турган сандыктын ачкычын сага бермек белем? Ойлоп көрдүңбү?
- Ойлоп көрдүм... Бирок сиз берген ачкыч ал сандыкка туура келбейт экен го......
Категория: Башка анекдоттор | Кароолор: 1287 | Дата: 08.03.2009 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0)

« 1 2 3 4 5 »
Бөлүмдөр
Апенди [8]
Улуу адамдардын турмушунан [12]
Башка анекдоттор [28]
Форма Кирүүа
Жылнаама
«  Май 2024  »
ДшШшШрБшЖмИшЖш
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031
Издөө
Друзья сайта
Статистика

Баары болуп сайтта: 1
Коноктор: 1
Катталган колдонуучулар 0
Маектешүү
500