Сократтан бир жигит кеңеш сураптыр:
- Акылман Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу? - Кайсынысын жасасаң деле - баарыбир өкүнөсүң, - дептир акылман. Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1153 | Дата: 29.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0) |
XIXкылымда жашаган белгилүү немис сүрөтчүсү Менцелге бир жаш жигит өзүнүн картинасын көтөрүп келип, наалыйт: - Ушу да акыйкаттыкпы? Бир күндө бүтүргөн картинамды бир жылдан бери сата албай жүрөм. - Картинаңды эгер бир жыл жазсаң бир күндө сатмаксын, - деп жооп бериптир ага мастер.Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1234 | Дата: 29.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0) |
Бир жолу Апенди там үстүнөн кулап кетет. Көчөдөн өтүп бараткан бирөө: - Ой, Апенди, жерде эмне жатасың? - дейт эңкейип. - Эмне үчүн жерде жатканымды билгиң келсе, өзүң тамдан кулап көрбөйсүңбы? - дептир ... Уландысы » |
Апенди шашкалактап жүрүп кетмендин мизин басып алат. Сабы чабылып келип Апендинин чекесине бир тийет. Жаны ачынган Апенди кетменге кыйкырыптыр дейт: - Ушундайыңан көчүгүңө жыгач тыгып койгон турбайбы! |
Эмир Темир Апендиден сураптыр: - Сенин жылың кайсы? - туулганымда жылан эле, азыр ажыдаар болуп калса керек... - дептир Апенди. |
Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөнгүдөй телеграмма жөнөтөт: "Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!" Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: "Ашкере мактап койдуңуз". Бернард Шоу кайрадан телег ... Уландысы » Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 2559 | Дата: 27.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (1) |
Француз комедиографы Ашардан достору сурашат: - Аялды кантип катуу жазаласа болот? - Шляпасы көп, бирок күзгүсү жок бөлмөгө камап коюп... - деп жооп бериптир атактуу куудул. Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1158 | Дата: 27.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0) |
Тристан Бернард бир жолу ресторанда отурса оркестр мааниси жок бирдемелерди ойной баштайт. Жини келген Бернард официантты чакырып: - Бул оркестриңер менин заказымды аткара алабы? - Албетте, эмнени ойносо дейсиз? - Мен тамак ичип бүткөнчө карта эле ойношсунчу, анда. Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1103 | Дата: 27.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0) |
Анатоль Франс ойлорун кагазга тез түшүрүү үчүн стенографист аял чакырат. - Ылдам иштей алат чыгарсыз, - деп сурайт жазуучу андан. - Албетте, мүнөтүнө 120 сөз жаза алам. - 120 сөз? Катыгүн, анча сөздү мен кайдан табам? - деп муңкайыптыр Франс. Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1379 | Дата: 27.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0) |
МАИ кызматкери бир айдоочуну кызыл чырактан өтүп кеткендигин айтып айып жазды... Айдоочу:
- Бир жолу кызылдан өтүп кеткенге ошончолукпу? Канча жолу жашылдан токтогонмун го... |
Бөлүмдөр | |||
|
Форма Кирүүа |
Жылнаама | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Издөө |
|
Друзья сайта |
Статистика |
Баары болуп сайтта: 1 Коноктор: 1 Катталган колдонуучулар 0 |
Маектешүү |