Ата программист баласы менен машинеде кетип баратса машине бузулуп калыптыр... Атасы баласына:
- Эмне кылыш керек, - деп сурап көрүптүр. Анда программист: - Машинеден чыгып кайра кирип көрүш керек... |
Бернард Шоудан сурашыптыр:
- Сиз кантип эле дайыма акылдуу сөздөрдү таап сүйлөп коёсуз? - Ал оңой, - деп жооп бериптир Шоу. - Акмакча бир нерсени ойлоп көрөм да, тескерисин сүйлөй берем... Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1315 | Дата: 08.03.2009 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0) |
Бир еврей машинесин токтотуп коюш үчүн жер издеп жатат.... Өчөшкөндөй ошол күнү машине коё турган бош жер жок... Еврей кудайдан сурады:
-Эй кудай, азыр менин машинемди токтотуп коюш үчүн бир жер таап берсен, сен үчүн күнү-түнү ибадат кылам, жалгыз сен үчүн орозо кармайм, сенин ыйык кылган мөмөлөрүңдөн гана жейм... Ошол маалда бир машине ордунан жылып жай бошоп калды... Анда еврей: - Кудайым, сен убара болбой эле кой, мен өзүм таап алдым, - дейт имиш... |
Реклама агенти жаңы товарын реклама кылуу үчүн үйлөрдөн бирине келди. - Билесизби килем менен байланыштуу кээ бир көңүлсүздүктөр болуп турат. Мисалы... - деп колундагы боёкту жаңы килемге төгүп салат. Үй ээси башын кармап калат. - Биздин жаңы товарыбыздын жардамы менен килемдеги проблема тууралуу эч кайгырбайсыз. ... Уландысы » |
Бала мектептен келгенде шапкасы ылай болуп кеткенин көргөн апасы: - Айт, эмне болду? - Балдар шапкамды алып футбол ойношту. - Сенчи? Сен эч нерсе кылган жоксунбу? - Мен дарбазада турдум... |
Конан Дойль спиритизм (дубакейлик) менен көп машыкчу экен. Бир жолу ал Бернард Шоуга колу бутун тийгизбей эле тамак ичкен столун нарыга жылдыраарын айтат. - Таңгаларлык эчтеме жок. - дептир Шоу ага. - Акылдуу адам столдон өзү биринчи туруп кетиши керек. Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1198 | Дата: 30.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0) |
Касап адвокатка келиптир:
- Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот? - Ал иттин ээсин билесизби? - Ооба. - Анда бул оңой эле иш: иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн... Иттин ээси ким? - Ал сиздин итиңиз болчу... - Аа, ошондойбу?.. Канча акчалык этти сата албай калдыңыз? - 3 кг. 450 сом болот... - Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот... Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее? |
Түн ичинде Апендинин үйүнө ууру кириптир. Алар колуна тийген көр-жерди алып качып баратышса, Апенди да жууркан-төшөгүн көтөрүп, артынан жөнөп калбайбы.
- Ээй! Сен каякка?! - деп кыйкырышат уурулар. Анда Апенди: - Көчүп баратпайбызбы? - деп коёт имиш. < ... Уландысы » |
Витторио Де Сика айтчу экен:
"Аялдар жок нерседен салат жасап, жок нерседен шляпа токуп, жок нерседен... жаңжал чыгарышат". Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1177 | Дата: 29.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (1) |
Марк Твендин бир таанышы жаңы чыккан китебин алып келип, пикирин жашырбай айтуусун өтүнөт.
- Эч анте албайм! - дейт атактуу жазуучу. - Достугубузга шек кеткенин каалабайм. Категория: Улуу адамдардын турмушунан | Кароолор: 1153 | Дата: 29.09.2008 | Рейтинг: 0.0/0 | Жазуулар (0) |
Бөлүмдөр | |||
|
Форма Кирүүа |
Жылнаама | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Издөө |
|
Друзья сайта |
Статистика |
Баары болуп сайтта: 1 Коноктор: 1 Катталган колдонуучулар 0 |
Маектешүү |