|
- Чымындар кышты каерде өткөрүшөт?
- Билбейм го... Бирок жайды да ошол жерде өткөрө беришсе жакшы болмок... |
|
- Уктуңбу, Таалай больницада жатат экен...
- Койчу, эй, мен аны кечээ эле көрдүм го... Бир сулуу кыз менен басып жүрдү эле... - Ошол сулуу кыз менен басып жүргөнүн аялы да көрүптүр да... |
|
Эки курбу сүйлөшүп жатышат...
- Менин күйөөм күнгө окшойт... - Кайсы мааниде? - Кеч кириши менен жоголуп калат да, таң атканда кайра пайда болот... |
|
Мектеп директору такси менен үйүнө барды. Таксистке 60 сом берип жатат. Таксист:
- Кечээ, кызыңызды алып келдим эле, ал мага 120 сом берген болчу. Сиз эмнеге 60 эле сом берип жатасыз? - деди, нааразы абалда. - Ал кыздын атасы директор, билесин. Менин атам болсо дыйкан... Мен албетте ал төлөгөн акчаны төлөй албайм да, - деди директор... |
|
Бир адам итин сейилдетип жүргөнүн көргөн досу сурады: - Бул эшекти неге сейилдетип жүрөсүн? - Бул эшек эмес, - деди иттин ээси. - Мен да иттен сурап жатам... |
|
Алып келип коюшту. Аялы: - Мен сага мындан кийин үйгө ичип келбе, деген эмес белем? Күйөөсү: - Мен ичип келген жокмунннн... - Анда бул эмне абал? - Мен келген жокмун, досторум алып келип коюшту... |
|
Лектор:
- Ичкилик үй-бүлөдөгү мамилелерди бузат. Көпчүлүк учурларда ичкен адамдардын аялдарынын кетип калган учурлары болгон... Залдан бирөө кол көтөрүп суроо сурады: - Канча ичүү керек, өзү? |
|
Көңүл бургула
Урматтуу студенттер! Силерден сураныч, университетке айдап келген машинеңерди бираз бирбирине жакын койгула, мугалимдердин велосипеддери батпай жатат экен... Деканат |
|
- Мен сиздин жүзүңүздү бир жерде көргөндөй болуп жатам...
- Болушу мүмкүн эмес. Мен дайыма аны өзүм менен алып жүрөм... |
|
- Ким экениңди айтсаң, мен сага досуң ким экенин айтам.
- Мен миллиардермин. - Сенин досуң - менмин... |